Нарын шаарынын «Батыш» аймагындагы суу алуучу жайынын Тɵш-Булак участогу пайдаланууга берилди

Нарын шаарында АРИС программасы тарабынан бир нече долбоорлор ишке ашырылып, шаардын социалдык-экономикалык ɵнүгүшүнɵ ɵз салымын кошуп келет. Ал эми бүгүнкү күндɵ АРИС программасынын долбоорунун алкагында, шаарыбыздын Тɵш-Булак аймагындагы «Батыш» суу алуучу жайынын Тɵш-Булак участогунун курулуш жумуштары толук бүткɵрүлүп, аймактын эли таза суу менен камсыз болуп отурушат.

Белгилей кетсек, долбоорду ишке ашырууга 37 млн. сом жумшалып, мунун ичинен 10 пайызын 3 млн. 700 миӊ сом жергиликтүү бюджеттин эсебинен сарпталды. Ал эми «Экарас-5» жоопкерчилиги чектелген коому курулуш иштерин толук, сапаттуу бүткɵрүп беришти.

Бүгүн 20-майда, аталган жайдын ачылыш аземи болуп, кызыл лентасы кесилди. Бул саамалыкка шаар мэри Б.Жээналиев, шаардык Кеӊештин тɵрагасы Э.Турсуналиев, суу-канал кызматкерлери, «Экарас-5» ЖЧКсынын кызматкерлери, жалпыга маалымдоо каражаттарынын ɵкүлдɵрү жана ошол аймактын жашоочулары катышышты.

Мэр ɵз сɵзүндɵ, «Тɵш-Булак» аймагынын жашоочуларына кɵптɵн бери кɵйгɵй жараткан таза ичүүчү суу маселеси чечилип, пайдаланууга берилип жатканы менен кызуу куттуктады.

Ошондой эле бул долбоорду жүзɵгɵ ашырууга колдоо кɵрсɵткɵн  АРИС программасынын суу ресурстары боюнча долбоорунун жетекчиси Аннос Честариге  жана курулуш иштерин толук бүткɵрүп пайдаланууга берүүдɵ кошкон жигердүү салымы үчүн «Экарас-5» ЖЧКдун жетекчиси Эрнис Кабылбековго, Нарын шаардык мэриясынын жана Нарын шаардык Кеӊешинин атынан ыраазычылык каттарын тапшырып, мындан аркы кызматташуулар ийгиликтүү улана беришине ишеничин билдирди.

Мындан сырткары, «Батыш» суу алуучу жайынын Тɵш-Булак участогунун жалпы курулуш иштерине активдүү катышкан «Экарас-5» ЖЧКнын бир топ кызматкерлери Ардак грамоталар менен  сыйланышты.

Ѳз кезегинде аймактын тургундары, таза суу менен камсыз кылуу жумуштарын колдоп берген шаар жетекчилигине рахматын айтып, кубанычтарын жашырышкан жок.

Белгилей кетсек, долбоор эки жыл аралыгында ишке ашырылды.

Добавить комментарий