НАРЫН ШААРЫНЫН БАШКЫ ПЛАНЫН ДАЯРДООГО ЖЕРГИЛИКТҮҮ БЮДЖЕТТЕН 2 МЛН. СОМ АКЧА КАРАЖАТЫ БӨЛҮНҮҮДӨ

Бүгүн шаар жетекчилиги Ага Хан Трастынын маданият иштери боюнча долбоорлорунун жетекчиси Роберто Фабброну жана архитектор Масуд Ханды кабыл алышты.

Жолугушууда Нарын шаарынын башкы планын даярдоо талкууланды.  Нарын шаарынын башкы планын түзүп чыгуу орчундуу маселе экендиги жана аны ишке ашыруу  бир топ убакытты жана ишти талап кылаары айтылды.  Шаардын мындан аркы өнүгүүсүнүн  көрүнүшүн даярдоодо ар бир кызматтын иш милдеттерин так аныктап алуу керектиги сунушталды.

Ал эми аталган фонддун өкүлдөрү башкы планды түзүүдө шаарды жаштардын шаарына айлантуу, аларга ыңгайлуу шарттарды түзүп берүүгө багытталган, 40-60 жылга чейин иштеп бере турган башкы планды иштеп чыгуу керек деген оюн билдиришти.

Ошондой эле жолугушууда белгилүү болгондой, учурда  башкы планды чийүү үчүн негизги иштер башталып спутниктен шаардын аэросъемкасы алынган.  Алынган аэросъемканын негизинде шаардын санарип картасы түзүлмөкчү.  Аймактын географиялык абалын, кооздуктарын эске алуу менен жарандарга мыкты шарттарды түзүү жагына өзгөчө көңүл бурулат.  Жана жаратылыш ресурстарын пайдалануу менен бюджетти толтурууга кандай курулуштарды жүргүзүүгө болот, дээрлик бардык маалыматтар тиешелүү кызматтардын жардамы менен чогултулат.

Башкы планды  түзүүгө көмөк көрсөтө турган тараптын маалыматында башкы пландын жардамы менен жаңы бош жерлер аныкталат. Белгилей кетсек, шаардын башкы планы үчүн жергиликтүү бюджеттен 2 млн.сом бөлүнүүдө. Калган бөлүгүн аталган фонд тарабынан каржыланат.

Добавить комментарий