НАРЫН ШААРЫНЫН БАШКЫ ПЛАНЫН ТҮЗҮҮДѲГҮ КЫЗМАТТАШУУ” КЕЛИШИМИНЕ КОЛ КОЮЛДУ.

Бүгүн Нарын шаарында ɵткɵрүлгɵн «Нарын–Улуу Жибек жолундагы трансулуттук түйүн» аттуу VI Эл аралык инвестициялык форумда Нарын шаарынын мэри Эмилбек Алымкулов менен Ага Хан Ѳнүктүрүү уюмунун Кыргыз Республикасындагы ɵкүлчүлүгүнүн Операциялык бɵлүмүнүн аткаруучу директору Музаффар Джорубов “Нарын шаарынын Башкы планын түзүүдɵгү кызматташуу” жɵнүндɵгү меморандумга кол коюшту.

Белгилей кетсек, Нарын шаарындагы эӊ чоӊ кɵйгɵйлɵрдүн бири-шаардын Башкы планынын жоктугу болуп келген. Башкы планды иштеп чыгуу болжол менен 9 миллион сомдон ашык каражатты талап кылат. Бул ишке буга чейин жергиликтүү бюджеттен 2 миллион сом каражат бɵлүнүп, Мамлекеттик долбоорлоо институту тарабынан концепциясы иштелип чыгууда.

Ал эми шаардын 150 жылдык мааракесине карата ɵткɵрүлгɵн марафондо Башкы план үчүн Ага Хан Ѳнүктүрүү уюму тарабынан 4,5 миллион сом ɵлчɵмүндɵ материалдык колдоо кɵрсɵтүлɵɵрү убада кылынган эле.

Кыргыз Республикасынын Ѳкмɵтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу ɵкүлчүлүгү тарабынан уюштурулган бүгүнкү Эл аралык инвест форумда “Нарын шаарынын Башкы планын түзүүдɵгү кызматташуу” тууралуу эки тараптуу келишимге кол коюу аземи болду.

Ошондой эле иш чарада ЮСАИД уюмунун ɵкүлү Асель Ѳмүралиева тарабынан шаардын туристтик обьектилеринин кɵрсɵткүчтɵрү камтылган карта шаар мэри Эмилбек Алымкуловго расмий тапшырылды.

Маалымат үчүн айта кетсек, быйылкы жылы ЮСАИД эл аралык уюмунун “Туризмди ɵнүктүрүү” долбоорунун алкагында Нарын шаарында туристтерге ыӊгайлуу шарт түзүү максатында туристтик обьектилердин кɵрсɵткүчтɵрү иштелип чыккан. Анын негизинде шаар ичине туристтик обьектилердин кɵрсɵткүчтɵрү камтылган эки карта орнотулган.

Добавить комментарий