НАРЫН ШААРЫНЫН БАШКЫ ПЛАНЫ ИШТЕЛИП БҮТҮП, БЕКИТИЛҮҮ АЛДЫНДА ТУРАТ

Акыркы 4 жыл ичинде даярдалып келе жаткан Нарын шаарынын башкы планынын даяр долбоорун тендерден утуп алган Мамлекеттик шаар куруу жана архитектура боюнча долбоорлоо институтунун башкы архитектору Азирет Акимов тааныштырды.Башкы пландын даяр долбоорун талкулоого коомчулуктан өкүлдөр, жергиликтүү Кеңештин депутаттары катышышты.Калктуу конуштун техникалык документтин иштеп чыгуу үчүн негизги 2-этапта жумуш алынып барылып топо, аэро сьемкалары алынган. Башкы план үчүн республикалык бюджеттен 5 млн сом, жергиликтүү бюджеттен 2 млн сом жана демөөрчү БАУ тарабынан 4, 5 млн сом жумшалган.Эл аралык консультанттар менен да биргеликте иш жүргүзүлүп, шаардын аймагы жана шаарга жакын аймактарга изилдөө жүргүзүлгөн. Жер катмарларына да изилдөө жүрүп, зоналар аныкталып, белгиленген.Шаар куруу пландаштыруу, өнүктүрүү, реконструкциялоо жана башка түрлөрү жүргүзүлүүчү долбоордук документке коргоого алынган жана өнөр жайга жана башка курулуш, археологиялык изилдөө, инвестиция кылууга ыңгайлуу жана кооптуу зоналары аныкталып киргизилген. Планда коммуналдык чарба кызматтары үчүн да тийиштүү маалыматтар көрсөтүлгөндүгү муниципалдык менчиктеги жер менен жеке менчиктин, кɵчɵлɵр менен тротуарлардын, соода күркɵлɵрү менен жолдун ортосундагы кызыл сызыктар деталдуу пландалгандыгы боюнча маалыматтар угулду.Калктуу конуштун планы стратегиялык маанилуу документ жана шаардын экономикалык өнүгүшүнө түздөн-түз таасирин тийгизет. Жаны кабыл алынуучу башкы план Нарын шаарынын биринчи планы жана ал 2040-жылга чейинки мезгилди камтыйт.

Добавить комментарий