НАРЫН ШААРЫНЫН БАШЧЫЛАРЫ ПАМИРДЕН КЕЛГЕН КЫРГЫЗДАРДЫН САЛАМАТТЫГЫНАН КАБАР АЛЫШТЫ

Бүгүн, 18-октябрда Нарын шаарынын мэри Э.Алымкулов жана шаардык Кеңештин төрагасы Ж.Ботоканов Нарын облустук бириктирилген ооруканасында медициналык кароодон өтүп жаткан Улуу жана Кичи Памирден келген кыргыз боордоштордун ооруканадагы жашоо-шарты менен таанышышып, акыбалын сурашып, саламаттыгынан кабар алышты. Бул тууралуу мэриянын маалымат катчысы Элиза Качкымбаева билдирет.

Памирден келген 21 адамдан турган 6 үй бүлө мүчөлөрү жана ата-энесиз келген 12 жаш балдар Нарындын климаттык шарттарына, тамак аштарына көнүп калгандарын айтышып, балдарды окутуп, билимдүү, сабаттуу болуусу үчүн миңдеген чарчы метр аралыкка карабай келгендиктерин билдиришти.

Ошондой эле арасында жаш курактары 40тан ашкандары да кыргыз тамгаларын таанып, билим алууга ынтызар экендиктерин айтышты. Памирден келген кыргыздар менен баарлашууда ооруканадагы шарттар, андагы кызматкерлердин мамилеси аларды канаттандыраарын айтышып, алардын саламаттыгынан кабар алып келген шаар бийлигине ыраазычылыгын билдиришти.

Шаар башчысы Э.Алымкулов нукура кыргыздын эчендеген кылымдар бою сакталып келе жаткан салт санаасы, үрп адаттары орногон Нарын жергесине Улуу жана кичи Памирден келген туугандардын жайгашуусун шаар эли кубаныч менен кабыл алганын белгилеп, кыргыз эли, жери атайын туугандар үчүн ак жолтой болуп, ушул жерден өсүп-өнүгүп, көбөйүп, жашоо тиричилигин улантуусуна тилектештигин билдирди. Ошондой эле шаар жетекчилери жергиликтүү бийлик тарабынан кандай жардам, колдоолор керек болсо, көмөк көрсөтүлө тургандыгын убадалашты.

Ал эми облустук оорукананын башчысы М.Атбаев аларга бардык керектүү медициналык текшерүүлөр жүргүзүлүп жатканын маалымдап, бийиктиги деңиз денгээлинен 4000 метрден 7000 метрге чейин жеткен тоолордун арасында жашап, бул жерге келгенден кийинки аба алмашуунун жүрөк-кан тамыр системасына, жалпы организмге таасирлери кандай жыйынтык берип жатканын кароо, изилдөө үчүн Бишкек шаарынан кардиохирургдардын тобу келгендиги боюнча маалымат берди.

Памир кыргыздары цивилизациядан алыс, катаал табигый шартта, билимге жана медицинага жеткилиги жок ак кар, көк муздуу тоолордо жашашса да, кыргызга тийиштүү кичипейилдүүлүк, ак ниет адамгерчилик жана башка улуу сапаттарды, өз тилин, каада-салтын жоготпой келе жатышат.

Добавить комментарий