НАРЫН ШААРЫНЫН БАШЧЫЛАРЫ 80 ЖАШТАН АШКАН АПАЛАРДЫ ЭНЕЛЕР КҮНҮ МЕНЕН КУТТУКТАШТЫ

Бүгүн, 20-майда Энелердин күнүндө шаар башчылары апаларды үйлөрүн кыдырып куттуктады.

Нарын шаарынын мэри Э.Алымкулов жана шаардык Кеңештин төрагасы Ж.Ботоканов, баатыр энелер К. Асанованын, К. Бейшембиеванын, С.Абакированын үйлөрүндө болуп, ал акыбалы менен таанышышып, Энелердин майрамы менен куттукташты.

Ошондой эле ала барган белектерин тапшырып, үйдүн куту, турмуштун туткасы болгон апаларга ден соолук, узун өмүр, дөөлөттү каарылык каалашты.

Белгилей кетсек, 22-майда Нарын шаарынын Жаштар Ордосунда Нарын шаардык мэриясы тарабынан атайын аталган күндүн урматына карата шаардагы 300 дөн ашык баатыр энелер үчүн майрамдык иш чара өткөрүлүп, белектер тапшырылат.

Иш чараны уюштуруп өткөрүү үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен 30 миң сом акча каражаты бөлүнгөн.

 

 

Добавить комментарий