Нарын шаарынын башчысы Э.Алымкулов билим берүү мекемелериндеги көйгөйлөр менен жеринде таанышат

Нарын шаарынын мэри Э.Алымкулов шаардагы  мекеме, ишканалардын  жетекчилери менен маек курду. Бул тууралуу мэриянын маалымат катчысы Элиза Качкымбаева билдирет.

Бүгүн, 9-февралда шаар башчысы билим берүү тармагынын жетекчилерин өзүнүн иш-бөлмөсүндө кабыл алды. Жолугушуу таанышуу ирээтинде өтүп, анда алардын 2017-жылга койгон милдеттери, орун алган көйгөйлүү маселелер талкууланып, сунуш-пикирлер айтылды.

Мындан сырткары мектеп, бала бакчада канализация, санитардык түйүн, жылуулук маселелеринен тышкары, материалдык-техникалык базанын, инвентарлардын жетишсиздиги боюнча маселе козголуп, шаар мэри Э.Алымкулов атайын комиссия менен биргеликте жалпы билим берүүчү мекемелерди кыдырып, алардын абалы жана көйгөйлөрү менен жеринде таанышаарын айтты.

Ошондой эле  мектеп – бул билим уясы болгондуктан, алгач билим сапатын жогорулатууну, долбоорлорду  тартууну, өспүрүмдөрдүн арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча иш алып барууну күчөтүү боюнча тапшырмаларды берип, жарыяланган “Ыйман, адеп жана маданият” жылынын алкагында атайын иш-чаралардын планын иштеп чыгып, тарбиялык мааниси бар иш-чараларды уюштурууну сунуштады.

Добавить комментарий