Нарын шаарынын биринчи вице-мэри Алмаз Сурановдун 7-апрель Элдик революция күнүнɵ карата сɵзү

Урматтуу Нарын шаарынын тургундары!

Урматтуу Апрель элдик революциясынын баатырлары жана активдүү катышуучулары!

Бүгүн, каргашалуу, кандуу 7-апрель окуясына туура тɵрт  жыл толду.  Апрель революциясы — эл эркиндикке жете ала тургандыгын жана өлкөдө башкы күч эл экенин тастыктаган күн болуп тарыхыбызда калды.

Сиздерди чын дилимден элибиздин эркиндикке, демократияга болгон күрөшүнүн символу болгон Апрель элдик революциясынын күнү менен куттуктаймын. Бул күн биз үчүн, бир жагынан, майрам. Себеби, бул күрөштө жеңишке жетип, азыр демократиялык коом куруу боюнча үзүрлүү аракеттер кɵрүлүүдɵ. Бир жагынан — кайгылуу күн. Анткени, мындан тɵрт жыл мурун кырчындай болгон жаштардын өмүрү кыйылган, мекенчил азаматтарыбыздын айтып бүткүс эрдигинин аркасы менен эл эңсеп келген максатына жетип отурат.

Элдин жаркын келечеги үчүн ɵлүмдɵн жалтанбай чыккан жигиттер баатырларча курман болушуп, мамлекетти сактап калуу менен чыныгы демократияга карай жол ачып кетишти. Алардын жаркын элеси  биздин жүрɵгүбүздɵ түбɵлүк жашайт жана эрдиктери эч качан унутулбайт.

Кылым карыткан тарыхыбыздын татаал учурларынын бири болгон ошол апрель айында  чындык, калыстык, өлкөбүздүн эгемендиги үчүн карапайым мекендештерибиз өз жанын аябай, ошол жамгырлуу жаздын күнү үй-бүлɵлүк башкарууга, зомбулукка,  адилетсиздикке  каршы көтөрүлүп, мыйзамдуулук үчүн, Мекени үчүн, элдин келечеги үчүн  чечкиндүү кадамга барышты.

Авторитардык, үй-бүлɵлүк башкарууну алып түшкɵн, эркиндикке кещири жол ачкан Апрель Элдик революциясынын алгачкы кадамдары уюткулуу Теӊир-Тоо жергебизден башталганын ɵзгɵчɵ белгилеп кетмекчимин.

7-апрелдеги элибиздин  эрдиги болбосо Кыргызстандын келечеги кандай болорун айтыш кыйын болмок. Себеби өлкөбүз 7-апрелге чейин кандай абалда калгандыгын баардыгыбыз жакшы билебиз.

Урматтуу теӊир тоолуктар!

Эл шейит кеткен баатырларын эч качан унутпайт!

Арадан тɵрт жыл өтсө да, кырчындай уулдарынан ажыраган элибиздин көз жашы али кургай элек. Бирок ушул кыска мөөнөттүн аралыгында өлкөбүз башка, өнүккөн, алдыңкы жана күчтүү мамлекетке, элибиз болсо сабырдуу, нарктуу, келечекке багыт алган коомго айланып келе жатканы шексиз.

Биз жалпы журтубуз эңсеген адилеттүү, күчтүү, өнүккөн Кыргызстанды курууга  милдеттүүбүз жана апрель окуяларында курман болгон эр азаматтардын жаркын элестерине таазим этип, Президентибиз жарыялаган «2014-Мамлекеттүүлүктү бекемдɵɵ жылында» улуттар арасында ынтымакты, биримдикти бекемдɵɵгɵ, ɵлкɵбүздɵгү саясий кырдаалды турукташтырууга ар бирибиз татыктуу   салымыбызды кошуубуз абзел.

Сөзүмдүн аягында баарыңыздарга тынч, берекелүү заман, бакубат турмуш, бакты-таалай каалаймын.

 

Добавить комментарий