НАРЫН ШААРЫНЫН БОРБОРДУК АЯНТЫНА ТЕМИР ТОСМОЛОР ОРНОТУЛДУ

Нарын шаарынын Т.Усубалиев атындагы борбордук аянтына узундугу 100 метрди түзгөн темир тосмолор орнотулду. Бул тууралуу мэриянын маалымат катчысы Элиза Качкымбаева билдирет.

Аларды орнотуунун негизги максаты элдин коопсуздугун сактоо, борбордук аянтта жайгашкан имараттардын астына унаалардын токтоосуна тыюуу салуу, ирээтке келтирүү жана шаарды көрктөндүрүү болуп эсептелет.

Ар биринин узундугу 1,5 метрден турган 65 даана тосмолорду, борбордук аянтта масштабдуу иш чараларды өткөрүүдө жыйнап койгонго да ыңгайлуу.

Жакынкы күндөрү тосмолорго гүлдөрдүн түрү өстүрүлгөн гүл челектер илинээри күтүлүүдө. Тосмолорду жасатууга жергиликтүу бюджеттин эсебинен 135 миң сом акча каражаты жумшалды.

Добавить комментарий