Нарын шаарынын борбордук базары ирээтке келтирилет

Кечээ, 28-мартта Нарын шаарынын мэри Э.Алымкулов, Нарын шаардык мамлекеттик салык кызматынын, шаардык ички иштер бөлүмүнүн, жол көзөмөлдөө кызматынын, муниципалдык менчик департаменинин жетекчилеринин жана борбордук  базарда жайгашкан соода-комплекстердин, дукөндөрдүн, күркөлөрдүн ээлери менен жыйын өттү.

Анда шаар бийлигинин жана шаар тургундарынын акыркы жылдардагы көйгөйү болуп келген – борбордук базардын айланасын ирээтке келтирүү боюнча маселе каралды. Соода кылууга белгиленбеген жерлерге жана мыйзамсыз соода кылгандар борбордук базардын тегерегин баш аламан жайма базарга айлантып, тыгындарды пайда кылып, көптөгөн нааразычылыктарды туудуруп келет.

Жыйында шаар мэри Э.Алымкулов, “жакынкы арада базарды ирээтке келтирүү боюнча  атайын комиссия түзүлүп, борбордук базарды ирээтке келтирүү аракеттери көрүлө баштайт” деп билдирди. Анын айтымында, комиссия базардын ичи-сыртында тазалыкты жана анын айланасындагы көчөлөрдүн жээктеринде азык-түлүк, буюм-тайым саткан көчө соодасын тартипке салуу, соода түйүндөрдүн ичине кирип ишмердигин улантуусун жана жол тыгынын азайтуу, жүргүнчүлөр менен сатуучулар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатын көздөйт.

Көчө боюнда туруп соода-сатык жүргүзгөндөр коомдук транпорттун ары-бери жылышына тоскоолдуктарды кана жаратпастан, ал орундар санитардык талаптарга да жооп бербейт. “Таза-Нарын” ишканасы графикке ылайык эки маал таштандыны чыгарып кетип жатканына карабастан, ошол эле  көчө сатуучулар тарабынан азыркы ордулары жыйналбай калууда.

Буга чейин жергиликтүү бийликтин бул көрүлүп жаткан аракеттери бекер жана кирешелүү орундарынан айрылууга дуушар болуп жаткан «ишкерлерге» жакпай, ар кандай тоскоолдуктар жана нааразычылыктар менен коштолуп келген.

Жыйынга катышкандар базарды ирээтке келтирүү аракеттерге оң көз карашта экендиктерин айтып, түшүндүрүү иштерине салымдарын кошо тургандыгын билдиришти. Ошондой эле комиссиясынын курамына базаркомдордон, соодагерлерден, коомдук уюмдардан, жарандык коомдон да өкүлдөрду киргизүүнү сунушташты.

Ирээтке келтирүү иштери апрель айында башталып,  ага тоскоолдук кылган соодагерлерге мыйзам чегинде административдик чаралар колдонулуп, базардагы абалга күнүгө көзөмөл жүргүзүлүп турмакчы.

Добавить комментарий