Нарын шаарынын борборуна 20 метрлик балаты орнотулат – Нарын шаардык мэриясы

Нарын шаарынын борбордук аянтына бийиктиги 20 метрди түзгɵн жаӊы жылдык балаты орнотулуп жатат. Бул тууралуу мэриянын басма сɵз катчысы Элиза Качкымбаева билдирет.

Мындан сырткары, 15 метрлик балаты «Ала-Тоо» стадионуна коюлду.

Жаӊы жылдык балатыларды алып келип, орнотууга, шаардын мерчемдүү жерлерине илинген майрамдык банерлерге  жана башка шаардын жаӊы жылдык жасалгалоосуна жергиликтүү бюджеттин эсебинен 140 миӊ сом акча каражаты бɵлүнүп берилген.

Ошондой эле шаардык мекеме-ишканалар арасында  мыкты жаӊы жылдык жасалгалоо сынагы жарыяланып, анын жыйынтыгы атайын комиссия тарабынан 24-декабрга чейин  аныкталат.

Добавить комментарий