НАРЫН ШААРЫНЫН БҮТҮРҮҮЧҮЛѲРҮНҮН БАШЫН КОШКОН СПОРТТУК МЕЛДЕШ

Бүгүн Нарын шаарында шаардын орто мектептеринин бүтүрүүчүлɵрүнүн башын кошуп, тɵртүнчү ирет салт катары ɵткɵрүлүп жаткан «Нарын ынтымагы» аталышындагы футболдук мелдеш старт алды.

Спорттук иш чараны ачкан Нарын шаарынын мэри Эмилбек Алымкулов Нарындын уулдарынын башын кошуп, ынтымакка чакырган уюштуруучуларга тереӊ ыраазылык билдирип, бардык командаларга ийгилик каалады. Ошондой эле Нарын шаардык Кеӊешинин тɵрагасы Жыргалбек Ботоканов жана мелдештин улуу, кичүү муундарынын ɵкүлдɵрү жакшы тилектерин жолдошту.

Спорт майрамына айланган бул мелдешке 30 команда катышып, ɵздɵрүнүн спорттогу мүмкүнчүлүктɵрүн кɵрсɵтүүдɵ. Команда мүчɵлɵрүнүн улуу мууну 1966-жылы туулгандар болсо, кичүү мууну 1996-жылкылар.

Белгилей кетсек, Нарын шаарынын орто мектептерин бүтүргɵн мырзаларды бириктирип, ынтымакка чакырып, алардын кичи мекенине, балалык кезине болгон сагынычтарын таратуу максатындагы спорттук иш чараны 1982-жылы туулган бүтүрүүчүлɵр жана ушул муундун ɵкүлү Алтынбек Токторалиев демилгелеген. Алгачкы мелдеш 1972-1982-1992-жылкы бүтүрүүчүлɵр тарабынан уюштурулуп, ар жылы жаз жана күз айларында эстафета катары ɵткɵрүп туруу милдети кийинки муундарга ɵткɵрүлүп берилген.

Бул жолу 1975-1985-1995-жылы туулган бүтүрүүчүлɵр мелдештин уюштуруу иштерин жүргүзүүдɵ. Уюштуруучулар тарабынан үч муундун ɵкүлдɵрүнɵ кубоктор, медалдар, дипломдор жана баалуу белектер тапшырылмакчы.

Мындан сырткары мелдештин уюштуруучулары шаардын инфраструктурасын ɵнүктүрүүгɵ да салым кошуп, 1974-1984-1994-жылкы бүтүрүүчүлɵр «Ала-Тоо» стадионун реконструкциялоого жардам беребиз десе, быйылкы уюштуруучулар кичи футбол аянтынын эки капталына кɵрүүчүлɵр үчүн отургучтарды жасатып берүүнү убада кылышкан.

Мелдештин катышуучуларынын арасында мамлекеттик кызматкерлер, окумуштуулар, спорт чеберлери жана башка ар түрдүү кесиптердин ээлери бар.

Добавить комментарий