Нарын шаарынын городок аймагында жаңы сейил бак түптөлдү

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Нарын шаарынын городок аймагында узундугу 62 жана туурасы 18 метрди түзгөн сейил бактын ачылышы болуп,  бүгүн 26-мартта паркка бак отургузуу иш чарасы уюштурулду.

Ага шаар жетекчилиги Р.Адиев, Э.Турсуналиев, А.Суранов, С.Эсенамановалар  баштап,  шаардык мекеме, ишканалардын кызматкерлери, шаардын депутаттары, аймактын жашоочуулары активдүү катышышты.

Нарын шаардык Кеңеши жана мэрия тарабынан  ишке ашырылып  жаткан демилгени колдоп, облус башчысы А.Кайыпов да бул күнү бак отургузууга катышып, келгендерди шаарды жашылдандыруу- көрктөндүрүүгө, таза кармоого мындан ары да салым кошо берүүсүнө чакырды.

Нарын токой-чарба башкармалыгынын питомнигинен алынып келген 20 Тянь-Шань  жана 20 кызыл, бардыгы 40 карагай отургузулуп, шаардык жашылдандыруу мекемеси тарабынан  кайтарууга жана кароого алынды.

Мындан сырткары жергиликтүү бюджеттин эсебинен 1 млн.сомго чукул акча каражатына сейил бактын айланасы тосулуп, түнкү жарыктар жана отургучтар орнотулуп, брусчатка төшөлүп, шаардыктардын эс алуусуна тиешелүү шарттар түзүлөт.

Добавить комментарий