Нарын шаарынын депутаттары мандаттарын алышат.

Эртең, 10-январда Нарын шаардык Кеңешинин жаңы чакырылышынын биринчи сессиясы өтөт. Бул тууралуу мэриянын маалымат катчысы Элиза Качкымбаева билдирет.

Анда шаардык кеңешке болгон шайлоодон утуп чыккан беш партиянын депутаттарына мандаттар тапшырылып, шаардык Кеңештин төрагасы шайланат.

Белгилей кетсек, 2016-жылдын 11-декабрында жергиликтүү кеңештин депутаттарынын шайлоосуна Нарын шаарынан сегиз партия катышып, бешөө өткөн.

Добавить комментарий