НАРЫН ШААРЫНЫН ЖАҢЫ-ЖОЛ АЙМАГЫНА ТҮНКҮ ЖАРЫК ЖАНДЫРЫЛДЫ

Кечээ, 16-июлда Нарын шаарынын Жаңы-Жол аймагынан кире беришине коюлуп жаткан түнкү жарык жандырылып, инфратүзүмдүк дагы бир долбоор ишке ашты.

Долбоордун алкагында узундугу 3350 метр жол боюна 66 даана жаңы түркүктөр заманбап түнкү чырактары менен орнотулду. Ошондой эле тоолордун бетин жарыктандыра турган прожекторлор коюлду.

Бул үчүн Нарын шаарынын жергиликтүү бюджетинен 950 миң сом бөлүнүп, бул каражатка керектүү материалдар гана алынды. Ал эми түркүктөрдү жасоо, орнотуу, монтаждоо жумуштарынын бардыгы “Таза Нарын” ишканасынын жумушчулары тарабынан ишкананын эсебинен жасалды.

Бүгүнкү күнгө чейин шаардын кире бериш аймактарынын бардыгы түнкү жарыктар менен камсыз болду. Эми ички туура көчөлөрдү жарыктандыруу иши колго алынмакчы.

Добавить комментарий