Нарын шаарынын жаңы мэри кызматка киришти

Бүгүн, 8-февралда Нарын шаарынын жаңы мэри ишке киришти. Бул тууралуу мэриянын маалымат катчысы Элиза Качкымбаева билдирет.

Нарын шаардык мэриясынын жыйындар залында кеңейтилген аппараттык жыйын өткөрүлүп, ага мэриянын аппратынын кызматкерлери, шаардык мекеме, ишканалардын жетекчилери жана депутаттар катышышты.

Жыйында КР Ѳкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү А.Кайыпов, КР Борбордук шайлоо комиссиясы  Э.Алымкуловду мэрлик кызматка расмий каттаганын билдирип, 2017-жылдын 2-февралындагы Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндөгү  №30-токтому менен тааныштырды.

Облус башчысы Э.Алымкуловдун буга чейинки бир топ жетекчилик кызматтарда иштеген мол тажрыйбасын белгилеп, ишине ийгиликтерди каалады.

Ал эми Нарын шаарынын мэри болуп шайланган Э.Алымкулов, 145 жылдан ашык тарыхы бар, Теңир-Тоонун койнунда, Нарын дарыясынын боюнда жайгашкан, Нарын облусундагы жалгыз Нарын шаарын өнүктүрүүгө мэриянын аппараты, шаардык Кеңештин депутаттары, мекеме, ишканалар менен биргеликте колдон келген аракеттер жумшалаарын айтып, ага чоң ишенич жана колдоо көрсөткөн депутаттарга терең ыраазычылык билдирди.

 

 

Добавить комментарий