Нарын шаарынын жергиликтүү бийлигине 102 тургун материалдык жардам сурап кайрылды

2015-жылдын III-кварталынын ичинде Нарын шаардык мэриясына жалпы 614 кайрылуу түшкɵн, мунун ичинен: 207 жазуу жүзүндɵ, 12 электрондук кайрылуу, мэрдин жана анын орун басарларынын кабыл алуусунда 212 жаран болуп, 183 ооз эки кайрылуулар келип түшкɵн.

Келип түшкɵн жазуу жүзүндɵгү 431 кайрылуулар мүнɵзү боюнча  тɵмɵндɵгүдɵй бɵлүнɵт: жеӊилдиктер (соц.маселелер) материалдык жардам сурап 102, транспорт, байланыш, жол маселелери боюнча 26, коммуналдык тейлɵɵ (эл.энергия, жылуулук, таштанды ж.б.) 36, квартира, турак-жай, курулуш, менчиктерштирүү боюнча 23, жер маселеси 30, таза суу маселеси 27, табигаттын кырсыгынан жапа чеккендер, ссуда алуу боюнча 31 жана башка маселелер боюнча 154 кайрылуулар келип түштү.

Добавить комментарий