НАРЫН ШААРЫНЫН ЖЕТЕКЧИЛЕРИ ДЕН-СООЛУГУНАН ЖАБЫРКАГАН БАЛДАРДЫ ЭРТЕҢКИ 1-ИЮНЬ БАЛДАРДЫ КОРГООНУН ЭЛ АРАЛЫК КҮНҮ МЕНЕН КУТТУКТАШТЫ

Бүгүн, 31-майда шаар башчылары дайыма ата-энесинин жана жакындарынын камкордугуна муктаж болгон, ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды 1-июнь Балдарды коргоонун эл аралык күнү менен куттуктап, таттуу белектерди тапшырышты.

Нарын шаарында 405 ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 18 жашка чыга элек балдар шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгынын каттоосунда турат. Алардын ичинен  75 бала шал оорусу менен катталса, 35  ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын корутундусунун негизинде, күнүгө ата-энесинин жана жакындарынын кароосууна муктаж болуп келишет.

Жеринде өткөрүлө турган майрамга катышууга мүмкүнчүлүгү болбогон категориядагы балдардан  Нарын шаарынын мэри Э.Алымкулов жана Нарын шаардык Кеңешинин төрагасы Ж.Ботоканов кабар алып, эртеңки майрамдары менен куттукташты.

Ошондой эле балдардын  ата-энелери менен баарлашып, болгон убактысын балдарына арнап,  жанынан чыкпай кам көрүп,  майып балдарды багуучу ата-энелердин эмгеги жеңил эместигин белгилешип,  жакындарына ыраазычылык билдиришти. Балдарга таттуу белектерди даярдоо үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен 17 миң сом акча каражаты каралган.

Добавить комментарий