НАРЫН ШААРЫНЫН ИЧКИ ЖОЛДОРУН АСФАЛЬТТОО ИШИ БАШТАЛДЫ

Бүгүн Бишкек-Нарын–Торугарт автожолун реконструкциялоо иштеринен үнɵмдɵлгɵн акча каражатынын эсебинен Нарын шаарындагы үч кɵчɵнүн 2,5 километр жолуна асфальт тɵшɵɵ иши башталды.

Мунун негизинде Нарын облустук ооруканасынын тɵрɵт үйүнɵ барчу 450 метр жол, Турдубаев кɵчɵсүндɵгү 600 метр жол жана С. Орозбаков кɵчɵсүндɵгү Ак-Мɵɵр кɵчɵсүнɵн Андабеков кɵчɵсүнɵ чейинки 1 километр 100 метр жол толугу менен асфальтталат.

Курулуш иштерин «Жагалмай» жоопкерчилиги чектелген коому жүргүзүүдɵ.

Учурда тɵрɵт үйүнɵ барчу жол асфальт жаткырууга даярдалууда.

Добавить комментарий