Нарын шаарынын калкын коммуналдык – тиричилик жактан тейлөөгө кошкон жигердүү эмгеги үчүн кызматкерлер сыйланышты

17-мартта Тиричилик-коммуналдык чарба кызматкерлеринин күнүнүн урматына карата майрамдык салтанат белгиленди. Бул тууралуу мэриянын басма сөз катчысы Элиза Качкымбаева билдирет.

Кызматкерлерди кесиптик майрамы менен КРѲ Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнун орун басары К.Асизов, шаар мэри Р.Адиев куттуктап, шаарды тазалоо, жашылдандандыруу-көрктөндүрүү иштерин алып барып, элди таза ичүүчү суу жана жылуулук менен үзгүлтүксүз камсыз кылып жаткан майрам ээлерине мындан аркы иштерине албан ийгиликтерди, жетишкендиктерди каалап, аркалап жаткан кесиптери өтө жоопкерчиликтүү жана түйшүктүү экендигин белгилешти.

 

 

 

 

 

 

Ошондой эле Нарын шаарынын калкын коммуналдык – тиричилик жактан тейлөөгө кошкон жигердүү эмгеги үчүн жана майрамдын урматына карата айрым кызматкерлерге “Ардак Грамоталар” жана акчалай сыйлыктар  тапшырылды. Ал эми майрамдык салтанат шаардык маданият бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан даярдалган концерттик программа менен коштолуп, анда суу-канал жана жашылдандыруу ишканаларынын талантуу адистери да кесиптештерин куттуктап ыр десте арнашты.

 

 

 

 

 

 

 

Добавить комментарий