НАРЫН ШААРЫНЫН КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКСИЗ СЕССИЯСЫНДА НАРЫН ШААРЫНЫН ВИЦЕ-МЭРЛИГИНЕ ЭКИ ТАЛАПКЕР КӨРСӨТҮЛДҮ

Бүгүн, 9-мартта Нарын шаардык Кеңешинин кезексиз XXXI сессиясында Нарын шаарынын вице-мэрин дайындоого маакулдук берүү маселеси каралды.

Кезексиз сессияга шаардык Кеңештин 31 депутаты толук катышып, көпчүлүк депутаттардын колдоосу менен эки талапкерге ачык добуш берүү жолу тандалып алынды.

1-талапкер: СДПК фракциясынан депутат Жумакадырова Назира Мамытовна;

2-талапкер: Ала-Тоо ынтымагы фракциясынан депутат Айзат Чоробек кызы.

Сессиясынын отурумунда жалпы депуттардын 20 добушун алган Назира Жумакадырованы Нарын шаарынын вице-мэри кызмат ордуна дайындоого маакулдук берилди.

Ал эми экинчи талапкер Айзат Чоробек кызы жалпы депуттардын 10 добушуна ээ болду.

Нарын шаардык мэриясынын басма сөз кызматы

Добавить комментарий