НАРЫН ШААРЫНЫН КИРЕ БЕРИШИ КӨРКТӨНДҮРҮЛӨТ

 

Нарын шаарынын кире беришин көрктөндүрүү иштери жүргүзүлөт. Бул боюнча Нарын шарынын мэри Канболот Тутуев  “Улан” кайрымдуулук фонду менен жолугушуп сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Эки тараптуу сүйлөшүүгө ылайык Нарын шаарына Жаңы Жол аймагы аркулуу  кирген жолдун жээгин жашылдандыруу, көрктөндүрүү иштери алып барылып, көзөмөлгө алуу үчүн “Улан” кайрымдуулук фондуна берилет.

Шаар башчысы фондтун өкүлдөру менен жеринде жолугушуп, аймакты тазалоо  жашылдандыруу көрктөндүрүү идеяларды талкуулашып, жакынкы күндөрү иш баштоону келишишти.

Нарын шаарында жазгы жашылдандыруу  көрктөндүрүү иштери жанданып, мэр  К. Тутуев  шаардын көрктүүлүгүн арттыруу максатында фондторго жана уюмдарга, мекеме-ишканалар менен тыгыз иш алып бурууда.

 

Добавить комментарий