НАРЫН ШААРЫНЫН МЭРИНИН КУБОГУНА АРНАЛГАН СПОРТТУК МЕЛДЕШ СТАРТ АЛДЫ

Бүгүн, 19-майда Нарын шаарынын мэринин кубогуна арналган спорттук мелдештин 1-этабы старт алды. Бул тууралуу мэриянын маалымат катчысы Элиза Качкымбаева билдирет.

Нарын шаарындагы Дене-тарбия жана ден-соолукту чыңдоо комплексинде Нарын шаарынын мэринин кубогуна карата спорттун түрлөрү боюнча мелдештин ачылышы болуп өттү.

Ага шаардын вице-мэри С.Эсенаманова катышып, командаларга ийгиликтерди каалап, быйылкы спорттук мелдеш жылдагыдан айырмаланып эки этаптан өтө тургандыгын белгилеп, жеңүүчүлөргө сентябрь айында экинчи этаптын жыйынтыгы менен, Нарын шаарынын туулган күнүндө сыйлыктар тапшырылаарын белгиледи.

Белгилей кетсек, ага аялдардан жана  эркектерден турган ондон команда, бардыгы 20 команда катышып жатышат. Нарын шаарынын мэринин кубогу  спорттун 7 түрү боюнча 2 этап менен өтөт: шахмат, стол тенниси, баскетбол, волейбол, кичи футбол, кол күрөш жана таяк тартыш.

 

 

Добавить комментарий