НАРЫН ШААРЫНЫН КѲЧѲЛѲРҮНѲ БИРДЕЙ ҮЛГҮДѲГҮ ТАШТАНДЫ ЧЕЛЕКТЕР КОЮЛДУ.

Жакында «ФИНКА Банк» жабык акционердик коомунун Нарындагы филиалы тарабынан 50 миӊ сомго 18 даана заманбап таштанды челектери жасалып, Нарын шаарындагы кɵчɵлɵрдүн кесилиштерине жайгаштырылды.

Бул иш Нарын шаарынын 150 жылдык мааракесине карата уюштурулган «Шаарыбыз баарыбызга» марафонунда убадаланган долбоорлордун бири.

Эске салсак, марафондо Нарын шаардык мэриясы тарабынан 17 инфратүзүмдүк долбоор сунушталган. Алардын бири шаарды таштанды челектери менен камсыздоо долбоору болчу. «ФИНКА Банк» жабык акционердик коомунун кызматкерлери шаарыбыздын ɵнүгүүсүнɵ салым катары ушул долбоорду колдоп берүүнү убада кылышкан эле. Убада аткарылып, мэрия сунуштаган үлгүдɵгү таштанды челектер жасалып берилди.

Шаарыбыздын ɵнүгүүсүнɵ үлүшүн кошкон «ФИНКА Банктын» жалпы жамаатына Нарын шаарынын элинин жана шаардык мэриянын атынан тереӊ ыраазылык билдиребиз.

Добавить комментарий