НАРЫН ШААРЫНЫН КѲЧѲЛѲРҮНѲ ГҮЛДѲР ОТУРГУЗУЛДУ.

Нарын шаарын кɵрккɵ келтирүү максатында «Таза Нарын» ишканасы тарабынан кɵчɵлɵрдүн кесилиштерине жана борбордук аянтка гүл ɵстүрүлгɵн челектер коюлду.

Аталган ишкананын жашылдандыруу жана кɵрктɵндүрүү тармагынын башкы агроному Байдылда Орунбаев билдиргендей, шаардын 4 кесилишине 80 гүл челек, ал эми борбордук аянтка 168 гүл челек жайгаштырылып, петунья, астра, сальвия, самец гүлдɵрү отургузулду.

Жакында И. Раззаков кɵчɵсүнɵ 400, «Жаштар» гүлбагына 51   даана гүл челек коюлмакчы.

Бул иштер жергиликтүү бюджеттен бɵлүнүп берилген 580 миӊ сом каражаттын эсебинен жасалууда.

Мындан тышкары «Таза Нарын» ишканасынын кызматкерлери тарабынан бак-дарактарды тегиздɵɵ, сугаруу, парктардагы, гүлбактардагы ашыкча чɵптɵрдү чабуу, арыктарды тазалоо иштери кызуу жүрүп жатат.

 

 

Добавить комментарий