НАРЫН ШААРЫНЫН КҮНҮНДӨ БЕШ АЙМАКТА МАЙРАМДЫК ИШ ЧАРАЛАР УЮШТУРУЛДУ

Нарын шаарынын күнүн белгилөө учурунда шаарыбыздын 5 аймагынын жашоочуларынын жана ошол аймактагы мекеме, ишканалардын катышуусунда кыргыздын каада-салттарын чагылдыруу боюнча сынак, улуттук тамак-аштардын, кол өнөрчүлүктүн көргөзмөлөрү, боз үйлөрдүн сынагы жана башка оюн-зоок программалары  уюштурулду.

Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана келген меймандар Нарын шаарынын “Ала-Тоо” стадионуна бөлүнгөн борбордук чөлкөмдүн маданий-массалык иш чарасы менен таанышышты. Анда Келин алуу каада салты көрсөтүлүп, кол-өнөрчүлүк боюнча мастер класстар, улуттук оюндардан баштап, кой сойгонго чейинки үрп-адаттар чагылдырылды.

Добавить комментарий