НАРЫН ШААРЫНЫН КҮНҮНӨ АРНАЛГАН ЖАЛПЫ ИШ-ЧАРАНЫН ЖАНА ЧӨЛКӨМДӨРДӨГҮ СЫНАКТАРДЫН ЖЫЙЫНТЫКТАРЫ ЧЫГЫП, АЛДЫНКЫЛАР АНЫКТАЛДЫ

Ошентип бүгүн, 16-сентябрда жыл башынан бери пландап жаткан Нарын шаарынын күнүн жогорку денгээлде белгилеп алдык. Нарын шаардык Кеңешинин чечими менен 17-сентябрь Нарын шаарынын күнү деп жарыяланган. 2013-жылдан бери шаарыбызда кичи мекенибиздин майрамын ар кандай форматта белгилеп келебиз.

Президентибиз ар бир жылдын өнүгүү багытын белгилеп, быйылкы 2017-жылды – “Адеп, ыйман, маданият” жылы деп жарыялаган. Жарлыкта Кыргызстандын ийгиликтүү өнүгүшү үчүн жарандарыбыз, жаштарыбыз адептүү жана ыймандуу, терең билимдүү, башка ой-пикирлер менен көз караштарга сабырдуу болуп тарбияланууга жана албетте, өз элинин тарыхы менен маданиятын билүүгө тийиш экендиги айтылат.

Адептүүлүк, маданият, ыймандуулук тарбия аркылуу келери талашсыз. Бул мамлекетти, жаштарды, жалпы эле адамзатты өнүктүрүүнүн маанилүү бир бөлүгү. Ыймандуулук, адептүүлүк аркылуу биз маданиятыбызды жогорку деңгээлге чыгара алаарыбыз талашсыз. Муундан муунга өтүп, бүгүнкү күндө да жашообузда пайдаланылып келе жаткан улуттук артыкчылыктарыбызды, каада — салт, үрп — адат, маданиятыбызды чагылдырып көрсөтүп бере турган пайдалуу иш чаралар өткөрүлдү.

Чөлкөмдөрдөгү сынак боюнча жыйынтык чыгаруу үчүн атайын 7 адамдан турган комиссия иш алып барды.
Жалпы иш-чаранын жана чөлкөмдөрдөгү сынактын жыйынтыгы чыгарылып, Нарын шаардык мэриясынын жыйындар залында комиссиянын чечими угузулду. Натыйжада Гран-Прини «Көтөрмө» чөлкөмү жеңип алып, Нарын шаардык мэриясынын атайын Диплому, 30 миң сом акчалай сыйлык жана саат менен сыйланды.

Ал эми биринчи орунга «Борбордук», «Батыш», «Москва» жана «РТС» аймактары татыктуу деп табылып, ар бири 20 миң сомдон, ошондой эле Диплом жана сааттар менен сыйланышты. Ар бир аймактагы майрамдар жогорку денгээлде уюштурулганы жергиликтүү бийлик жана комиссия тарабынан белгиленди.

Нарын шаарынын күнүн уюштурууга салымын кошкон жарандарга, мекеме, уюмдарга жана ар тараптуу колдоо көрсөткөн демөөрчүлөргө Нарын шаардык мэриясы терең ыраазычылык билдиребиз!

Добавить комментарий