НАРЫН ШААРЫНЫН КҮНҮНӨ КАРАТА ВЕЛО ЖАРЫШ ӨТКӨРҮЛДҮ

Бүгүн,14-сентябрда Нарын шаарынын туулган күнүнө карата вело спортун сүйүүчүлөр арасында мелдеш өткөрүлдү.

Аталган спорттук мелдеш Нарын шаарынын тургуну, жеке ишкер Бакыт Жумагуловдун демөөрчүлүгү менен уюштурулду.

Вело жарышка жалпы 64 катышуучу катышып, алардын 13үн айымдар, 17син 35 жаштан жогорку курактагы мырзалар жана 34үн 18 жаштан 35 жашка чейинки мырзалар түздү.

Айымдар “Алма-Бак” аймагынан батышты карай 8 чакырым, мырзалар 14 чакырым алыстыкка велосипед менен жарышып барып келишти.

Кыз-келиндер арасында 3-орунду Д. Садык кызы, 2-орунду А. Казыбаева, 1-орунду С. Замирбекова камсыз кылса, 35 жашка чейинки мырзалар арасында 3-орунду А. Мортуков, 2-орунду А. Орузуев, 1-орунду Н. Арзыкул уулу ээлешти. Ал эми 35 жаштан жогорку курактагы мырзалар арасында 3-орунга С. Токоев, 2-орунга А. Сыдыков, 1-орунга К. Бошубеков татыктуу болушту.

Жыйынтыгында 1-2-3-орунду камсыз кылган жеңүүчүлөр спорттук велосипеддер жана дипломдор менен сыйланышты.

Мыкты оюнчуларга дагы акчалай байгелер ыйгарылды.

Сыйлык тапшыруу аземинде Нарын шаардык Кеңешинин төрагасы Жыргалбек Ботоканов сөз сүйлөп, мелдештин демөөрчүсүнө, уюштуруучуларга жана катышуучуларына ыраазычылык билдирди.

Эске салсак, веложарыш өткөн жылы Нарын шаарынын 150 жылдык мааракесине карата уюштурулуп, быйыл салт катары улантылууда. Жеке ишкер Бакыт Жумагулов өткөн жылдагы иш чарада жана шаардын башка маданий, социалдык иш чараларында материалдык колдоо көрсөтүп келет.

Добавить комментарий