НАРЫН ШААРЫНЫН КҮНҮ САЛТАНАТТУУ БЕЛГИЛЕНИП ЖАТАТ

Бүгүн, 16-сентябрда Нарын шаарынын күнүнө карата шаарыбыздын бардык аймактарында майрамдык иш-чаралар өтүп жатат. Бул тууралуу мэриянын маалымат катчысы Элиза Качкымбаева билдирет.

Майрамдын негизги бөлүгү борбордук “Ала-Тоо” стадионунда башталып, иш-чара театрлаштырылган оюн-зоок менен ачылды.

Ага улай Нарын шаарынын мэри Э.Алымкулов теңиртоолуктарга куттуктоосун жолдоп, кичи мекенибиз күндөн күнгө жаӊыланып, шаарыбыз тууралуу позитивдүү ой-пикирлер айтылып жаткандыгына жана көрүнүктүү иштерди  ишке ашырууда, шаардыктардын  салымы чоӊ экендигин белгиледи. Ошондой эле шаарыбыз мезгил ɵткɵн сайын жашарып, кɵркүнɵ кɵрк кошулуп, жашылданып, ɵнүгүп-ɵсүп, дүйнɵ элдерин кызыктырган туристтик шаарга айланышына тилектештигин билдирди.

КРѲ Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү А.Кайыпов, КР Жергиликтүү оз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамилелер боюнча агенттигинин директорунун орун басары М.Байдылдаев, КР маданият жана маалымат министрлигинин департаментинин жетекчиси Б.Ноорузбаева майрамдык куттуктоолорун жолдошту.

Добавить комментарий