НАРЫН ШААРЫНЫН КӨЧӨЛӨРҮНӨ ЖАҢЫ АЯЛДАМАЛАР ОРНОТУЛАТ

Нарын шаарынын көчөлөрүндөгү айрым аялдамалардын ордуна жаңы аялдамалар орнотулат. Бул тууралуу мэриянын маалымат катчысы Элиза Качкымбаева билдирет.

Нарын шаардык мэриясынын иш-аракеттеринин планында шаардын аялдамаларын жаңыртуу боюнча милдеттер каралган.

Учурда шаардын “64”, автобекет, В.Чкалов атындагы мектеп-гимназиянын аймактарындагы эски аялдамаларды демонтаждоо иштери жүрүүдө, жакынкы арада алардын ордуна жаңы аялдамалар коюулат.

Аталган аймактагы коомдук унаалар токтой турчу аялдамаларды жасатууга жергиликтүү бюджеттин эсебинен 450 миң сом акча каражаты бөлүнгөн. Оңдоп-түздөө иштери шаардын калган аймактарындагы аялдамаларына да жүргүзүлөт.

 

 

Добавить комментарий