НАРЫН ШААРЫНЫН МАДАНИЯТ ЖАНА БИЛИМ БЕРҮҮ ТАРМАГЫ ООР ЖОГОТУУГА УЧУРАДЫ

Нарын шаарынын маданият жана билим берүү тармагы оор жоготууга учурады. 2019-жылдын 4-майында Нарын шаарындагы Ж. Шералиев атындагы искусство мектебинин директору, “Кыргыз Республикасынын Билим берүүсүнүн отличниги”, “Маданияттын мыкты кызматкери” наамдарынын ээси, Ж. Шералиев, Ы. Абдыкадыров атындагы сыйлыктардын лауреаты Омор Улукмановду шум ажал арабыздан мезгилсиз алып кетти.

Омор Улукманов 1957-жылы 23-декабрда Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Погранич айылында жарык дүйнɵгɵ келген.

1975-1977-жылдары Советтик Куралдуу Күчтɵрдүн катарында кызмат ɵтɵп, старщина наамына ээ болгон.

1978-1980-жылдары Т. Сатылганов атындагы филармониянын алдындагы студиянын комуз боюнча адистигин аяктап, 1983-жылы Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунун “маданий-агартуу кызматкери, оркестрдин жетекчиси” адистигин алган.

1980-жылы мугалимдик эмгек жолун Ат-Башы районунун балдар музыкалык мектебинде мугалим болуп иштɵɵ менен баштаган. 1986-1993-жылдары ушул элек мектепте директор болуп иштеген.

1993-1997-жылдары Нарын педагогикалык окуу жайында музыка бɵлүмүнүн мугалими, 1997-2005-жылдары Нарын мамлекеттик университетинин музыка кафедрасынын башчысы, ага окутуучу болуп эмгектенген.

2005-жылдан бери педагогикалык окуу жайдын музыка бɵлүмүндɵ сабак берип, 2006-жылдан бери Нарын облустук академиялык музыкалуу драма театрында комузчулар ансамблин жетектеп келген.

2010-жылдан баштап ɵмүрүнүн акырына чейин Нарын шаардык Ж. Шералиев атындагы балдар искусство мектебинин директору кызматын аркалаган.

Омор Улукманов маданият жана музыка тармагында ɵз ишин мыкты билген адис эле. Ал жаш таланттарга ɵнɵрүн үйрɵтүп, 100дɵн ашык комузчулардын устаты болгон.

Кесипкɵйлүгүнүн натыйжасында “Кыргыз Республикасынын Билим берүүсүнүн отличниги” , “Маданияттын мыктысы” наамдарынын ээси, Ж. Шералиев, Ы. Абдыкадыров атындагы сыйлыктардын лауреаты болгон. Билим берүү министрлигинин, Нарын облустук мамлекеттик администрациясынын, Кесип бирликтер уюмунун бир катар Ардак грамоталары менен сыйланган. Ошондой эле “Ала Тоо жазы-2005”, “Жибек Жолу”, “Жаш таланттар-2012” жана башка фестивалдардын, Москва шаарындагы олимпиадалык оюндардын дипломдоруна, сыйлыктарына татыктуу болгон.

Омор Улукманов үй бүлɵсүндɵ 1 кыз, 2 уулду татыктуу тарбиялап эрезеге жеткирген камкор ата, жакындарынын ишенимдүү тиреги болчу.

Ал бийик адамкерчилиги, жадыраган кичипейил, жɵнɵкɵй мүнɵзү, улуу-кичүүгɵ бирдей жасаган сылык мамилеси, чыныгы педагог, чыгармачыл инсан катары коомчулуктун, кесиптештеринин, шакирттеринин арасында бийик кадыр-баркка ээ эле.

Омор Улукмановдун жаркын элеси эл-журттун, аны таанып-билгендердин эсинде түбɵлүккɵ сакталмакчы.

Үй-бүлɵсүнɵ, балдарына, жакын туугандарына тереӊ кайгыруу менен кɵӊүл айтып, аза-кайгысын теӊ бɵлүшɵбүз.

Э. Алымкулов, Ж. Ботоканов, Д. Курманов, С. Эсенаманова, К. Чымылдаков, Ж. Үрүстɵмов, Т. Кадыров, А. Тайсалов, Т. Токтомушев.

Добавить комментарий