Нарын шаарынын мектептеринде биринчи конгуроо кагылып жаңы окуу жылы башталды

Бүгүн, 1-сентябрь Билим күнү Нарын шаарынын мэри Р.Адиев №8 Арстанбек Буйлаш уулу атындагы орто мектебинин салтанаттуу иш чарасына катышты. Бул тууралуу мэриянын маалымат катчысы Элиза Качкымбаева билдирет.

Шаар башчысы Билим күнү менен мектептин жалпы жамаатын, ата-энелерди жана окуучуларын куттуктап, “билимдүүгө дүйнө жарык, билими күчтүү миңди жыгат” деген кыргыздын насил сөздөрүн келтирип, окуудагы же тишкендиктерди, ийгиликтерди, жаңы ачылыштарды каалап өттү.

Маалымат үчүн айтсак, КР Билим берүү министрлигинин 2012-2014-жылга чейин Коопсуз мектеп программасы аркылуу аталган мектептин капиталдык ремонт  иштерин өткөрүү үчүн тендерден “Коной” курулуш фирмасы утуп алган. Мектептин спорт залы, окуу кабинеттердин, фойелердин терезелери толугу менен пластик терезелерге алмашылды. Бүгүнкү күндө мектептин сырты шыбалып, краска чачылып, мектептин чатыры алмашылып, сливтери орнотулду.

Иш чаранын жүрүшүндө оңдоп-түздөө жумуштарын жүргүзүп жаткан курулуш фирмасынын жетекчисине жана жумушчуларына Нарын шаардык мэриясынын жана Кеңешинин “Ыраазычылык каттары” тапшырылды.

Ошентип биринчи коңгуроо кагылып 2016-2017-жаңы окуу жылында №8 мектептин 1-классына 150 бала кабыл алынды. Ал эми жалпы 1768 мектептен билим алат.

Добавить комментарий