Нарын шаарынын менчик үйлөрүнүн биринде өрт кырсыгы катталды.

Нарын шаарында 18-ноябрь түнү өрт кырсыгы катталган.

Өрт чыккан жерге шаарыбыздын мэри Нурбек Молдокадыров барып, жабыркаган үй-бүлө менен жеринде таанышып, алардын абалын сурады. Жабыркаган үй-бүлөгө мүмкүнчүлүккө жараша жардам бериле тургандыгын белгиледи.

Үй ээлеринин берген маалыматы боюнча өрт электр жылыткычы аркылуу болгон. Кээ бир учурда үй ээлери дагы кайдыгер мамиле жасоо менен электр жылыткычын туташтырган бойдон кароосуз калтырып коюшууда. Мына ушунун кесепетинен өрт чыгып, кырсыкка кабылып жатышат. Ошон үчүн ар бир нерсеге кылдат мамиле кылуу абзел.

Бул үй тилекке каршы камсыздандырылган эмес.

Эсиңиздерге сала кетсек, Кыргыз Республикасында «Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө» мыйзам долбоору 2015-жылы кабыл алынып, 2016-жылдын 7-февралынан күчүнө кирген. Бир турак жай үчүн жылдык камсыздандыруунун төлөмүн аныктоого атайын базалык тариф иштелип чыккан. Турак жайдын жылдык камсыздандыруу төлөмү шаарларда 1200 сом, ал эми айылдарды 600 сом деп белгиленген.

Нарын шаардык мэриясынын маалымат-кызматы.

Добавить комментарий