НАРЫН ШААРЫНЫН МОСКВА АЙМАГЫНА КӨП КАБАТТУУ ЭКИ ТУРАК-ҮЙЛӨР КУРУЛАТ

Нарын шаарында мамлекеттик ипотекалык программанын алкагында көп кабаттуу эки турак-үйлөр курулат. Бул тууралуу мэриянын маалымат катчысы Элиза Качкымбаева билдирет.

Ипотекалык турак-үйлөрдү куруу үчүн  шаардын Москва аймагындагы Раззаков көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн маңдайынан жергиликтүү бийлик тарабынан жер бөлүнүп берилген.

Учурда тамдар салына турган муниципалдык жерде жашоочулардын ар кандай курулуштары бар болгондуктан, кечээ, 8-август күнү 1-вице-мэр Н.Молдокадыров тиешелүү кызматтар менен биргеликте алардын ээлери менен жолугушуп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Анын жүрүшүндө гараж, склад жана  тиричиликке пайдалана турган жайларга башка жерден орундарды карап, ылайыкташтырып берүү жагы каралды.

Белгилей кетсек, ипотекалык көп кабаттуу турак-үйлөрдүн курулушун “Минур” компаниясы ишке ашырат. Ал эми тамдар түшө турган жерди убактылуу курулуштардан тазалоо иштери август  айы ичинде жүргүзүлөт.

Добавить комментарий