НАРЫН ШААРЫНЫН МОСКОВСКИЙ АЙМАГЫ ТҮНКҮ ЧЫРАКТАР МЕНЕН КАМСЫЗДАЛДЫ.

Нарын шаарынын 150 жылдык мааракесине карата  Московский аймагынан «64»  аймагына чейинки Ленин кɵчɵсүнүн эки тарабына заманбап түнкү чырактар коюлуп, жарык берилди.

Буга чейин аталган аймакта бир тараптуу 10 түнкү чырак болсо, эми жолдун эки тарабына бийиктиги 10-11 метрлик темир түркүктɵр орнотулуп, жарыкты сапаттуу бере ала турган жана электр энергиясына үнɵмдүү 57 даана түнкү чырак коюлду.

Бул үчүн жегиликтүү бюджеттен 882 миӊ 915 сомго керектүү жабдуулар алынып, бардык жумуштар «Таза Нарын» ишканасынын кызматкерлери тарабынан жасалып, ишке ашты.

Аймактагы мурунку түнкү чырактар түркүктɵрү менен кошо алынып, шаардын башка жерлерине башка максатта колдонулмакчы.

Эми мындай иш жакынкы күндɵрдɵ шаардын Ак-Коргон жана РТС аймактарында улантылат.

 

Добавить комментарий