Нарын шаарынын мэринин балатасына 150 бала катышты

Нарын шаарында бүгүн,  26-декабрда Нарын шаардык мэриясынын балдарга арналган балаты майрамы белгиленип, ага 150 өспүрүм катышты. Бул тууралуу мэриянын маалымат  катчысы Элиза Качкымбаева билдирет.

Балаты майрам Нарын шаардык Ж.Шералиев атындагы искусство мектебинде ɵтүп, ага ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар, мектептеги алдыңкы окуган окуучулар, ата-энеси жок балдар жана аз камсыз болгон үй-бүлɵлɵрдүн балдары катышышты. 150 балага атайын даярдалган жаӊы-жылдык белектер тапшырылды.

Шаардык мэрия тарабынан бул иш чараны ɵткɵрүүгɵ жана белектерди даярдоого 88 миң сом акча каражаты бɵлүнгɵн. Балаты майрамы Нарын облустук академиялык –драмалык театрынын кызматкерлери тарабынан даярдалган жомок менен коштолду.

Жаӊы-жылдык балатыга келген балдарды Нарын шаарынын мэринин милдетин аткаруучу А.Суранов жана вице-мэр С.Эсенаманова куттукташып,  аларга кеӊ келечек жана окуудагы жетишкендиктерди каалашты.

Добавить комментарий