Нарын шаарынын мэринин кайрылуусу

 Урматтуу Нарын шаарынын тургундары, Нарын шаардык мэриясынын сайтынын колдонуучулары!

Naryncity.kg — Нарын шаардык сайты Сиздердин, Нарын шаарындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын, ошондой эле жергиликтүү бюджеттен каржыланган мекеме, ишканаларынын иштери тууралуу маалыматтарды алууга болгон конституциялык укуктарыңыздарды жана Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 28-декабырндагы №213 «Мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө» мыйзамын жүзөгө ашыруу максатында түзүлдү.

Бул сайты аркылуу Сиздер Нарын шаардык мэриясынын, Нарын шаардык Кеңешинин жана муниципалдык мекеме, ишканалардын жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча жүргүзүп жаткан иштери тууралуу маалыматтарды ала аласыздар.

Заманбап жашоонун шартында электрондук техника тармагы өнүгүп, Интернет байланышы кеңири жайылууда. Бүгүнкү күндүн талабына ылайык Нарын шаардык мэриясынын сайтын колдонуу менен жергиликтүү бийликтин эл менен болгон байланышын жакындата турган көпүрө түзүлөт деген терең ишеничим бар.

Андыктан, урматтуу Нарын шаарынын тургундары Нарын шаардык мэриясынын сайтынын ачылышы менен жалпыбызды куттуктап, жакындан кызматташууга чакырамын.

Акыркы кезде, жалпыга маалымдоо каражаттарында жана интернет сайттарда туура эмес жана такталбаган маалыматтар берилген учурлар көп кездешүүдө. Бул сайттын ачылышынын дагы бир негизги максаты — шаарда жасалып жаткан иштер тууралуу өз убагында жана так маалымат алууга шарт түзүү болуп саналат. Ошондой эле бул сайттын ачылышы чет өлкөлүк туристтерди жана инвестицияларды тартууда да мааниси чоң деп эсептейм.

Учурдан пайдаланып, Нарын шаардык мэриясынын сайтынын ачылышына колдоо көрсөткөн Кыргызстан Сорос фондусуна жана сайттын түзүлүшүн камсыздашкан адистерге терең ыраазычылык билдирем.

Урматтуу Naryncity.kg  сайтынын колдонуучулары!

Сайтыбыздын колдонуучуларынын саны күндөн күнгө өсүп, алдыда бул сайттан кеңири маалымат алууга көптөгөн мүмкүнчүлүктөр түзүлөөрүнө терең ишенүү менен дагы бир ирээт бардыгыңыздарды кызматташууга чакырам!

Урматтоо менен,  Нарын шаарынын мэри Адиев Рахат Нурдинович

Добавить комментарий