Нарын шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп А.Суранов дайындалды

«Жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу жɵнүндɵгү» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43-беренесинин 6-бɵлүгүнүн 4-пункттуна ылайык, Нарын шаарынын мэри Б.Жээналиевди  өзүнүн берген арызына ылайык ээлеген кызматынан бошотуу боюнча өкмөт башчы Ж. Оторбаев 4-августта № 335 буйругуна кол койгон.

Ушул эле күнү №336 буйрук менен Нарын шаарынын мэринин убактылуу милдетин аткаруучу болуп 1-вице-мэр А.Суранов дайындалды.

Добавить комментарий