НАРЫН ШААРЫНЫН МЭРИН ШАЙЛОО ӨТТҮ

Нарын шаардык кеңеши кезектеги сессиясында Нарын шаарынын мэрин шайлады.Нарын шаарынын мэрлигине 2 талапкер, Болотбеков Самарбек жана Суранов Алмаз өз кандидатурасын коюшкан.Сессиянын жүрүшүндө шаар башчылыгына талапкерлер өз программалары менен тааныштырышып, иш максаттары менен бөлүшүштү.Жабык шайлоонунун жыйынтыгында, шаардык кеңештин депутаттарынын ичинен 19 депутат Самарбек Болотбековго, 12 депутат Алмаз Сурановго  добуш беришип, көпчүлүк добушка ээ болгон Самарбек Болотбеков Нарын шаарынын мэри болуп шайланды.Сессияда сөз алып сүйлөгөн депутаттар шаар башчылыгына жаңы шайланган Самарбек Болотбековго жана кызматын тапшырып жаткан Нурбек Молдокадыровго ийгиликтерди каалашты.

Добавить комментарий