НАРЫН ШААРЫНЫН МЭРИ АЙМАК ТУРГУНДАРЫ МЕНЕН ЖОЛУГУШУУЛАРДЫ ѲТКѲРҮҮДѲ.

Нарын шаарынын мэри Эмилбек Алымкулов шаардын аймактарында эл менен жолугушууларды ɵткɵрүп, жасалган иштер, алдыдагы максаттар тууралуу маалымат берүү менен бирге элдин кɵйгɵйлɵрүн угуп, суроолоруна жооп берүүдɵ.

6-февраль күнү ɵткɵрүлгɵн РТС аймагындагы жолугушууда шаар мэри аткарылган иштерге кыскача токтолуп, 150 жылдык мааракеге салым кошкондугу үчүн аймактын элине ыраазычылык билдирди.

РТС аймагы боюнча жасалган иштерге токтолсок, ɵткɵн жыл ичинде аймакта 1 миллион 375 миӊ сомго 82 даана заманбап түнкү чырактар түркүктɵрү менен орнотулган. 1 миллион 630 миӊ сомго балдар ойноочу аянтча курулуп, ишке берилген. Молдоев кɵчɵсүнүн аягындагы 500 метр жол асфальтталган. 9 туура кɵчɵгɵ (Ак-Шоола, Чыгыш, Казиев, Т. Сулайманов, О. Бɵлɵбалаев, Рамазан айы, Табалдиев, Керме-Тоо, Теке-Секирик кɵчɵлɵрүнɵ) шагыл тɵгүлүп түздɵлгɵн.

Ал эми быйылкы жылы РТС аймагына каражаттын жетишинче тротуар куруу иштерин баштоо (№ 10-мектептен Алтын Балалык кɵчɵсүнɵ чейин); №10-Ж. Чолпонбаев атындагы орто мектептин имаратынын курулуш ишин жүргүзүүгɵ аракеттерди кɵрүү; эски фонарларды туура кɵчɵлɵргɵ коюу; ошондой эле эӊ негизгиси жергиликтүү бюджеттин эсебинен бала бакча куруу иштерин жүзɵгɵ ашыруу пландалууда.

Шаар мэри Эмилбек Алымкулов ɵткɵн жолугушуунун протоколу боюнча элден түшкɵн суроо-талаптардын аткарылышы тууралуу да жооп берди.

Жолугушуунун кийинки бɵлүгү суроо-жооп менен улантылды.

Элден туура кɵчɵлɵргɵ шагыл тɵгүү, базарды, калкты тейлеген транспорт каражаттарын иретке келтирүү, «Элдик» дүкɵнүнүн тушуна жɵɵ адамдар ɵтɵ турган кɵпүрɵ салып берүү, чоӊ жолдун боюндагы аллеяларды мыйзамсыз тосуп алган жайгдайларга чара кɵрүү, бала бакча маселелери боюнча кɵйгɵйлɵр айтылып, тиешелүү жооптор алынды.

Ошондой эле жыйында укук коргоо кызматкерлери тарабынан жаӊы мыйзам кодекстери боюнча калкка түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Шаар мэри аймактын тургундарынан ɵздɵрүнүн малын таштанды аралатпай жакшы кɵзɵмɵл кылуусун ɵтүнүп, быйыл үч аймакка корукчу алынаарын, мал боюнча катуу чара кɵрүлɵɵрүн билдирди.

Добавить комментарий