НАРЫН ШААРЫНЫН МЭРИ АЛЫМКУЛОВ ЭМИЛБЕК АБДЫРАИМОВИЧТИН МЕКТЕП БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРҮНӨ КУТТУКТООСУ

Урматтуу бүтүрүүчүлөр, мугалимдер ата-энелер, мектеп окуучулары! Бүгүн, салтка айланган орто мектептердин бүтүрүүчүлөрүнө арналган «Акыркы коңгуроо» аземи өлкөбүздүн бардык аймактарында белгиленип жатат. Нарын шаардык мэриясынын жана жеке өзүмдүн атымдан «Акыркы коңгуроо» майрамыңыздар менен ак ниетимден куттуктаймын.

Катарга тизилип турган классташтар мектеби менен коштошуу күндөрүн баштарынан өткөрүп жатса, аларга терең билим, татыктуу тарбия берип, ушул даражага жеткирген мугалимдери окуучуларынын келечекте өз жолун табууга даяр болуп калганына бир эсе кубанып турса, коштошуу учурунда толкундануу сезимдерге батып турган чагы.

Бүгүн биз, улуулар, силерге каалоо-тилектерибизди билдирүү менен бирге акыл-насаатыбызды айтып, турмуш жолуңарга багыт берип, жакшы сөзүбүздү айтып кетүүгө милдеттүүбүз. Каалаган ой-максаттарыңар ишке ашсын, элибиз-жерибиз, мамлекетибиз үчүн ак кызмат өтөгөн атактуу инсандардан болгула.

Нарын шаарындагы орто мектептердеги 11-классты 403 жана 9-классты 576 окуучулар аяктап жатышат. 2016-2017-окуу жылында окуучулар облустук, республикалык жана эл аралык олимпиадаларда, республикалык кароо-сынактарда, спорттук мелдештерде жакшы ийгиликтерди жарата алышты, ошондой эле жылдын жыйынтыгы менен

№7 М.Сыдыков орто мектебинин 2 окуучусу “Алтын тамга” артыкчылык аттестатына ээ болушту. Көп бүтүрүүчүлөр окуусун жогорку жана атайын окуу жайларында улантышат, айрымдары Ата-Мекенди коргоого барат. Ата-энелердин, улуулардын кеңешин угуп, туура тандоо жасооңорго тилектешмин. Силерди жакшы адам болсун деп үмүт менен көз салып турган ата-энелериңердин жана 11 жыл бою билим, тарбия берген мугалимдердин үмүтүн актайт деген ишеничтемин.

Урматтуу иш чаранын катышуучулары! «Мугалим мөмөлүү дарак» деп айтылгандай, сиздер ары түйшүктүү, ары жоопкерчиликтүү жана сыймыктуу кесипти аркалап келесиздер, анын үзүрүн көрүп, бүтүрүүчүлөр менен сыймыктанып, арабызда аман-эсен жүрүңүздөр.

Жергиликтүү бийлик дайыма кандай иш чаралар болбосун сиздер менен бирге өткөрүп келебиз. Сиздер дайыма биздин көңүлүбүздүн чордонундасыздар.

Ардактуу ата-энелерге да кайрылып кетпесек болбойт. Ата-эне үчүн баланын өз жолун таап, жакшы адам болушунан артык эч нерсе жок. Андыктан, урматтуу ата-энелер, кааларым бүтүрүп жаткан балдарыңыздар окутуп, тарбиялап, өстүргөн мээнетиңиздерди, үмүт-тилегиңиздерди актасын. Тарбиясы бийик, татыктуу адамдардан болушсун. Урматтуу бүтүрүүчүлөр, дагы бир жолу силерге ак жол каалаймын.

Добавить комментарий