НАРЫН ШААРЫНЫН МЭРИ БОЛУП НУРБЕК МОЛДОКАДЫРОВ ШАЙЛАНДЫ

Бүгүн, 1-октябрда Нарын шаардык Кеңешинин 4-чакырылышынын кезектеги 26-сессиясы өткөрүлүп, анда Нарын шаарынын мэрин шайлоо маселеси каралды.

Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 13-сентябрындагы №133-токтомунун негизинде Нарын шаарынын мэрин шайлоо мөөнөтү 2019-жылдын 1-октябрына белгиленген.

Нарын шаарынын мэрлигине КСДП саясий партиясынын фракциясынан Сталбек Мукамбетов, “Ала Тоо ынтымагы” фракциясынан Эмилбек Чымылдаков, “Кыргызстан” фракциясынан Нурбек Молдокадыровдун талапкерлиги көрсөтүлгөн.

Шаардык Кеңештин сессиясында талапкерлер өздөрүнүн программалары менен тааныштырышты.

Бирок шайлоонун алдында Сталбек Мукамбетов жана Эмилбек Чымылдаков шайлоого катышуудан баш тартып, өздөрүнүн талапкерлигин алып салышты.

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” жөнүндөгү Мыйзамынын 43-беренесине ылайык, шаардык Кеңештин 31 депутатынын жашыруун добуш берүүсүнүн жыйынтыгы менен 25 добушка ээ болгон Нурбек Молдокадыров Нарын шаарынын мэри болуп шайланды.

Нурбек Молдокадыров 1977-жылы 17-августта Нарын шаарында туулган. Нарын шаарындагы В. П. Чкалов атындагы орто мектебин жана Кыргыз Улуттук Университетинин экономика факультетин “Менеджер” адистиги боюнча ийгиликтүү аяктаган.

1999-жылдан 2002-жылга чейин “Нурай” жоопкерчилиги чектелген коомунда менеджер, 2002-2004-жылдары Кызыл Жарым Ай комитетинде кызматкер, ушул эле жылдары “Сорос-Кыргызстан” фондунун координатору, 2004-2005-жылдары Улуу Британиянын “Балдарды коргойлу” фондунда ассистент, 2006-2007-жылдары БУУнун өнуктүрүү долбоорунда адис, 2007-2009-жылдары жеке ишкердик менен алектенген.

2008-жылы Нарын шаардык Кеңешинин депутаты болуп шайланган.

2009-2012-жылдары Нарын шаарынын биринчи вице-мэри, 2012-2013-жылдары ЮСАИД программасынын Нарын облусундагы координатору болуп эмгектенген.

2012-2014-жылдары Нарын шаардык Кеңешинин депутаты болгон.

2014-2017-жылдары БУУнун “Нарын облусун комплекстүү өнүктүрүү” программасынын адиси болуп иштеген.

2017-2018-жылдары Нарын шаарынын биринчи вице-мэри, 2018-жылдын март айынан бүгүнкү кунгө чейин Ак-Талаа районунун акими болуп үзүрлүү эмгектенип келген.

Үй-бүлөлүү, 4 баланын атасы.

Добавить комментарий