Нарын шаарынын мэри болуп Э.Алымкулов шайланды

Бүгүн,  26-январда Нарын шаарынын мэринин кызмат ордуна шайлоо болуп өттү. Бул тууралуу мэриянын маалымат катчысы Элиза Качкымбаева билдирет.

IV чакырылыштагы Нарын шаардык Кенешинин 2-сессиясында Нарын шаарынын мэрин шайлоо өткөрүлүп, анда эки талапкер ат салышты. Алар Нарын шаардык Кеңешинин “Биримдик” коалициясы тарабынан сунушталган  Э.А.Алымкулов жана “КСДП” фракциясынын депутаты “Республика-Ата-Журт” фракциясы тарабынан сунушталган Р.Н.Адиев болушту.

Шайлоонун жыйынтыгында депутаттардын 22 добушун алган Э.А.Алымкулов Нарын шаарынын мэри болуп шайланды.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри С.Ш.Жээнбеков тарабынан  талапкер көрсөтүлгөн эмес.

Добавить комментарий