Нарын шаарынын мэри Б.Жээналиевдин 5-май Кыргыз Республикасынын Конституциясы күнүнɵ карата куттуктоосу

Урматтуу элим, шаар тургундары!

 

Сиздерди өлкөбүздүн тарыхый маанилүү күнү болгон,

Конституция Күнү менен чын дилимден куттуктайм!

 

Эгемендиктин алгачкы жылдарында, эгемендүү, демократиялык, укуктук, мамлекеттик башкарууга дин аралашпаган, унитардык, социалдык мамлекеттин пайдубалын түптөгөн Кыргыз Республикасынын Конституциясы 1993-жылдын 5-май күнү кабыл алынган.

Кыргызстан эли өз укугун коргоп, кайгылуу окуяларды баштарынан өткөрүп, өздөрүнүн бекем эрки менен элдик бийликти сактап калды.

2010-жылдын 27-июнунда Кыргызстан эли, өлкө туруктуу демократиялык  багытта өнүгүшү  үчүн саясий системаны толук алмаштырган, жарандардын укуктарын жогору баалаган, социалдык жоопкерчиликке багытталган жаңы Конституцияны тандап алышты. Бул Конституция – көз карандысыз бийлик бутактарынын түзүлүшүнө жол ачты.

Ардактуу теӊиртоолуктар!

Конституцияны сыйлап, мыйзам менен жашоо, ар бир атуулдун милдети.  Бүгүн элибиздин биримдиги менен эркиндиги сакталган, жарандардын укуктары корголгон демократиялык жана күчтүү экономикалык мамлекет курууга чечкиндүү кадамдар ташталууда.

Адамдын жана жарандын укуктары жана эркиндиктери тууралуу жоболор камтылган Конституция ар бир кыргызстандык үчүн татыктуу турмуш камсыз кылууну башкы максаты катары караган калыс, демократиялуу мамлекет курууга бекем фундамент түзɵт жана анын негизги милдети ар бир жарандын укуктарын гарантиялоо болуп саналат.

Эң жөнөкөй: жашоого жана анын коопсуздугуна; турмуштун сапатына –электр жарыгына, жылуулукка, турак жайга, тамак-аштын, саламаттык сактоонун жана билим алуунун жеткиликтүүлүгүнө; ресурстарга – сууга жана жерге, шайлоо жана тандоо укугуна жетүү мүмкүнчүлүгүнө болгон  адамдык укуктар негиздүү түрдө баш мыйзамыбызда жазылган.

Мыйзамдарга урматтоо менен мамиле жасоо — бул кийинки муунга ɵткɵрүп бере турган демократиялуу, ийгиликтүү ɵнүгүп жаткан мамлекетти куруунун негизги шарттарынын бири.

Ушул тарыхый күнү биздин мамлекеттүүлүктүн түзүлүшүнө салым кошкондорго жана элибиздин эркиндиги үчүн өмүрүн бергендерге таазим кылабыз!

Тарыхта ɵзгɵчɵ орун ээлеген Кыргыз Республикасынын Конституция күнү менен дагы бир ирээт куттуктап, барыңыздарга бекем ден-соолук, үй-бүлөлүк бакыт, ишиңиздерге ийгилик, ал эми мекенибизге – тынчтык жана өнүгүү каалаймын!

Сиздерди урматтоом менен,

Нарын шаарынын мэри Жээналиев Баатырбек Сагындыкович.

 

Добавить комментарий