НАРЫН ШААРЫНЫН МЭРИ ЖАШТАРДЫН КООМДУК УЮМДАРЫНЫН ӨКҮЛДӨРҮ МЕНЕН ЖОЛУКТУ

Нарын шаарынын мэри бүгүн, 23-майда Нарын шаарындагы жаштар уюмдарынын, студенттик бирикмелердин, мектеп парламенттеринин өкүлдөрү менен жолугушуп,  баарлашты.

Жолугушуунун башында шаар башчысы Э.Алымкулов Нарын шаарында жасалып жаткан иш аракеттер жана алдыда жасала турган милдеттер боюнча кененирээк токтолуп, быйылкы жылы калктын, өзгөчө жаштардын эс алуусуна шарттарды түзүү максатында, шаардагы сейил бактарды жандандыруу жана аймактарга жаңы парктарды уюштуруу, шаардын башкы кире беришин жаңыртуу, “64” төгү айланманы жаңылап жасоо жана башка ушундай сыяктуу Нарын шааарынын 2017-2020-жылдарга карата түзүлгөн өнүктүрүү стратегиясына кирген бир катар иштер боюнча маалымат берди.

Жолугушууда  шаардагы 16-17 жаштардын коомдук уюмдарынын башын бириктирген  жаштардын ассоциациясын же болбосо кеңешин түзүү мүмкүнчүлүгү талкууланды.

Ал эми жаштар жумуш орду менен камсыз кылуу, шаардын ички жолдорунун абалы, коомдук транспорттор жана башка орун алган маселелер боюнча суроолорун берип, өзүлөрүнүн  шаарды өнүктүрүүгө багытталган 3D киностудия, туристтик базаларды ачуу, этно айыл куруу, тез татым жайларын уюштуруу, шаардагы таштанды салуучу урналардын санын көбөйтүү боюнча жана башка долбоорлорун сунушташты. Ошондой эле алар шаардагы иштерди социалдык тармактар аркылуу көбүрөөк жайылтууну сунушташты. Облустун борбор калаасынын өнүгүшүнө кайдыгер карабаган жаштарга мэр долбоорлорду ишке ашырууга колдоолор көрсөтүлөөрүн белгиледи.

Жыйындын жүрүшүндө Э.Алымкулов күзүндө Жаштар форумун өткөрүүнү демилгелеп, ал боюнча жаштардан сунуш-пикирлерди, уюштуруу боюнча идеяларды мэрияга берүүнү сунуштады.

Ал эми мындан кийинки мэр менен жаштардын жолугушуусу, жаштардын катышуусу менен аткарылган иштердин жыйынтыгын талкуулоо форматында өткөрүлө тургандыгы белгилүү болду.

Жыйындын соңунда шаар мэри пикир алмашып, баарлашууга келген жаштарга ыраазычылык билдирип,  жаштарды коомдук иштерге активдүү катышууга, жергиликтүү бийлик менен тыгыз кызматташууга чакырды.

Добавить комментарий