Нарын шаарынын мэри «Кадам» жана «Аруу Тилек» реабилитациялык борборлорундагы балдарды майрамы менен куттуктады

Бүгүн 1-июнь-Эл аралык балдарды коргоо күнүндɵ Нарын шаарынын мэри «Кадам» жана «Аруу Тилек» реабилитациялык борборлорунда тарбияланып жаткан ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды жеринен куттукташты. Бул тууралуу мэриянын басма сɵз катчысы Э.Качкымбаева билдирет.

«Биз биргебиз» аталыштагы жарыяланган бир айлыктын алкагында мэрия тарабынан балдарга колдоо кɵрсɵтүү максатында демɵɵрчүлɵрдү тартуу иш аракеттери кɵрүлүп, натыйжада ден соолугуна байланыштуу сейил бакка баралбаган «Аруу Тилек» жана «Кадам» реабилитациялык борборлорунун тарбиялануучуларына шаар жетекчилиги, депутаттар жана банктар тарабынан керектүү инвентарлар жана таттуу белектер тартуулады.

Ошондой эле шаар мэри «Кадам» борбору жайгашкан имараттын суу түтүктɵрү жаӊыртылып берилээрин убадаланды.

Добавить комментарий