НАРЫН ШААРЫНЫН МЭРИ Н.МОЛДОКАДЫРОВ 64 ЖАНА БОРБОР АЙМАКТАРЫНДАГЫ ЖЫЛУУЛУК БЕРҮҮНҮН АБАЛЫН ТЕКШЕРДИ

Бүгүн, 23-январда Нарын шаарынын мэри Нурбек Молдокадыров “Кыргызжылуулкэнерго” мамлекеттик ишканасынын Нарын райондор аралык жылуулук менен жабдуу өндүрүштүк бирикмесинин кызматкерлери менен шаарыбыздагы «64» жана «Борбор» аймактарындагы көп кабаттуу үйлөрдөгү жылуулук берүүнүн абалын текшерди.

Шаар башчысы баш баш баккан батирлердин басымдуу көпчүлүгү үй ичи жылуу экенин айтышса, айрымдары кошумча жылыткычтарды колдонуп жатышкандыктарын айтышты.

«Борбор» аймактагы жылуулук берүүгө арызданышкан тургундарды уккан шаар жетекчиси аталган бирикменин тиешелүү кызматкерлерине эскертүүлөрдү берип, жылуулукту жакшы көзөмөлдөөнү тапшырды.

Нарын шаардык мэриясынын басма сөз кызматы

Добавить комментарий