НАРЫН ШААРЫНЫН МЭРИ РТС, МОСКВА АЙМАКТАРЫНЫН ЖАШООЧУЛАРЫ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

Нарын шаарынын мэри Канболот Тутуев РТС чөлкөмүндө жергиликтүү жашоочулар менен жолугушуп, көйгөйлөрүн укту.Шаар башчысы менен жолугушууга келген жергиликтүү жашоочулар РТС чөлкөмүндө таза суу, сугат суу, тротуар, балдар аянтын тосуу, жол белгилерин коюуу, курулуш таштандыларын тазалатып берүү, жумушсуздук жана башка бир нече жергиликтүү көйгөйлөрдү аташып, чечип берүүнү айтышты.Аймактын тургундары чөлкөмдөгү Ж. Чолпонбаев атындагы орто мектеби үчүн жаңы имаратын куруу зарылчылыгын белгилешип, мектеп тар болуп жаткандыгын айтышып, канализация салып берүүнү өтүнүштү.Жолугушууда таштанды, жол белгилери, жарыктандыруу өңдүү жергиликтүү маселелерди токтоосуз жөнгө салууну тийиштүү кызмат башчыларына тапшырып, аймактагы балдар аянтын коопсуз кылып тосуп берүүнү убадалады.Жергиликтүү жашоочулардын көйгөйлүү суроолоруна шаар мэри Канболот Тутуев менен бирге шаардык мекеме-ишкана жетекчилери да жооп беришти.Айрым көйгөйлөрдү чечип берүү милдеттендирилди.

Добавить комментарий