Нарын шаарынын мэри Р.Адиев жана 1-вице-мэр А.Сурановдун кызматтык милдеттерин аткаруулары убактылуу токтотулду

Нарын шаарынын мэри Р.Адиев жана биринчи вице-мэри А.Суранов 2016-жылдын 11-декабрында өтүүчү Нарын шаардык Кеңешинин депутаттарынын шайлоосуна талапкер катары катталгандыгына байланыштуу, Нарын шаардык мэриясынын 2016-жылдын 14-ноябрындагы №-б-буйругунун негизинде, кызматтык милдеттерин аткаруулары убактылуу токтотулду.

Мындан сырткары алардын иш бөлмөлөрү шайлоо аяктаганга чейин мөөрлөнүп бекитилип, Нарын шаарынын мэринин кызматтык унаасы шайлоо аяктаганга чейин пайдаланылбайт.

Ал эми «Нива Шевроле» маркасындагы нөөмөтчү унаа шайлоо аяктаганга чейин Нарын шаардык мэриясынын аппаратынын кызматкерлерине кызматтык пайдаланууга бекитилип берилди.

Добавить комментарий