Нарын шаарынын мэри Р.Адиев Түштүк Кореянын өкүлдөрүн кабыл алды

Бүгүн, 17-мартта Нарын шаарынын мэри Р.Адиев Түштүк Корея өлкөсүнөн келген делегацияны ɵзүнүн иш бɵлмɵсүндɵ кабыл алды. Бул тууралуу мэриянын басма сɵз катчысы Э.Качкымбаева билдирет.

Корея өлкөсүнөн келген делегаттардын сапарынын негизги максаты  шаардын жылуулук системасын модернизациялоо долбоору боюнча сүйлɵшүүлɵрдү жүргүзүү, пайдалануудагы жылуулук от казандары менен таанышып чыгуу.

Бул жолугушууга Жогорку Нарын Каскаддар ГЭСинин аймактык жетекчиси Эмил Абдраимов жана Нарын жылуулук берүү ишканасынын жетекчиси Улан Айтиев жана вице-мэр Алмаз Суранов катышышты.

Мындан сырткары, эки күндүк иш сапар учурунда делегациянын Нарын мамлекеттик университетинин корей борбору, учурда курулуш иштери жүрүп жаткан Борбордук Азия Университетинин курулуш иштери, Нарын ГЭСинин ишмердүүлүгү менен жакындан таанышуусу күтүлүүдɵ.

Ошондой эле Түштүк Кореядан келген делегация  облус башчысы А.Кайыпов менен жолугушат.

 

Добавить комментарий